Өлкөдө кара металлды кайра иштете турган эки завод ачылат (видео)

2908

Кыргызстанда кара металлды кайра иштете турган эки заводдун ачылышы күтүлүүдө. Алардын бири Кайыңды шаарында, экинчиси Бишкекте жайгашкан. Былтыр өлкөдөн 70 миң тонна кара металл чыгарылып кеткендиктен, учурда анын жетишсиздиги байкалууда. Андыктан өкмөттүн чечим менен экспорттоого убактылуу тыюу салынды.

Ата мекендик өндүрүүчүлөр кара металл сыртка чыгып кеткиче, өлкө ичинде иштетилгени туура дешет. Себеби ал Кыргызстанда ээритилип үчүнчү өлкөлөргө ташылып кетип, кайра эле биздин өлкөгө 4-5 эсе кымбат баада сатылып жатыптыр.