Өлкөдө коопсуздук маселесине көңүл буруп, батыл чараларга баруу керек

745

Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан «Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана алдын алуу» деген аталыштагы улуттук конференцияда айтылды. Эки күнгө созулган иш-чарада төрт чоң маселе талкууланат.

Алар коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн көрүлгөн жалпы чаралар, жол коопсуздугу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу, радикализмге каршы күрөш.

Эртең бул иш-чарага премьер-министр баштаган бийлик өкүлдөрүнүн дагы катышуусу күтүлүп жатат. Уюштуруучулар аткаминерлерге бир катар сунуштарын берүүгө даяр.