Өлкөдө коронавирустун мутацияланган 4 штаммы аныкталды (видео)

2078

Өлкөдө коронавирустун «британ» штаммы катталды. Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жаңы типтеги вирустун мутацияланган түрүн Россиядагы лаборатория аныктап берген. Ал жакка бейтаптардын анализдери март айында жөнөтүлгөн.

Ал арада тиешелүү мекеме өлкөдө Ковид-19дун дагы 3 штаммы бар экени аныкталганын билдирди. Алардын ичинен эң коркунучтуусу былтыр жыл аягында Улуу Британияда аныкталган коронавирустун мутацияланган жаңы түрү экени белгиленүүдө. Бул вирус тез жайылып, өзгөчө балдар арасында көп каттала турганы да эскертилди.