Өлкөдө күйүүчү майдын кымбатташы ушул айда да уланат

844

Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы маалымдады. Баалардын өсүшү Россиянын мунай базаларында нарк көтөрүлгөнү менен байланыштуу. Алсак, өткөн айда бензин жана дизелдик отундун баасы 10 пайызга жогорулаган. Мындай көрүнүш Кыргызстандын рыногуна да кедергесин тийгизип, баа 2 сомго көтөрүлүп кеткен.

Россиянын мунай иштетүүчү заводдорунда кымбаттоо июнь айында да байкалып, нарк 2-3 пайызга көтөрүлгөн. Учурда биздин өлкөдө сатылып жаткан күйүүчү майдын бир литри маркасына жараша 42 сомдон 48 сомго чейин сатылып жатат.

Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы баалардын жогорулашы дүйнөлүк рынокто да болуп жатканын билдирүүдө.