Өлкөдө медицина кызматкерлерине бейтаптардан арыздангандар көп

543

Кыргызстанда дарыгердин шалаакылыгы менен алардын орой мамилесине арыздануулар көп. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кабылдама бөлүмүнүн жетекчиси Фатима Турусбекова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жыл башынан бери 1,5 миң кайрылуу болсо, анын 1209үн бейтаптардын даттануулары түзөт. Арыздануулар Бишкек шаарынан көп.

Кайрылгандардын көбү тез жардам кызматынын ишинин начарлыгы, дарыгерлердин акча талап кылганы, дарыгерлердин медициналык кызмат көрсөтүүдөн баш тартканы жана ооруканалардагы шарттын жоктугу боюнча нааразычылыктарын айтышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.