Өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүлө баштады

1156

Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы вакцинанын 85 миң дозасын сатып алган. Ал медициналык кызматкерлерге өнөкөт дарттардан жабыркагандарга, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, жатак мектептерге, кош бойлууларга акысыз берилет. Айдын аягына чейин дагы 105 миң доза сатып алынмакчы. Каалоочулар сасык тумоого каршы акы төлөп эмдөө алса болот.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемологиялык көзөмөлдөө департаменти кабарлагандай, ай башынан бери курч вирустук инфекцияларга чалдыккандар көбөйүп, Ош шаарында бул инфекция менен 363 киши катталса, Бишкекте бул көрсөткүч 2140ка жеткен.

Ак халатчандар, өткөн жылдагыдай эле быйыл да декабрь айында илдет күчөшү мүмкүн дешүүдө. Азырынча эпидемиологиялык абал туруктуу.