Өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет

4576

«Тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу». Эки күн катары менен Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Бул күндөрү тарыхый 3 окуяга басым жасалат. Алар 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүшү жана анын арты менен болгон Октябрь революциясы.

Ошондой эле жалган жалаа менен атылып кеткен Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор түрткү болгон кыргыздын чыгаан уулдары эскерилет. Бул датага утурлай 1930-жылдары репрессияга кабылган интеллегенция өкүлдөрүнүн туугандары “Ата-Бейит” мемориалдык коплексине барып куран түшүрүштү.