Өлкөдө тракторист, ветеринар сыяктуу кесип ээлери жетишсиз (видео)

664

Кыргызстанда тракторист, ветеринар сыяктуу кесип ээлери жетишсиз. Ал эми элет жергесиндеги жаштардын көпчүлүгү багбанчылык менен гана алектенишет. Мындан улам көптөгөн кесиптик-техникалык окуу жайда билим алган жаштар жумушсуз калып, чет өлкөгө кетүүгө аргасыз.

Адистер маселени жөнгө салуу үчүн студенттер, мугалимдер, Билим берүү министрлиги жана жумуш берүүчүлөр биргелешип, кайсы адис жетишсиз болсо, дал ошол кесиптерге артыкчылык берүү керек дешет. Бишкекте президенттик аппараттын өкүлдөрү тиешелүү министрликтердин кызматкерлери көз карандысыз экперттер жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү биригип, маселени талкуулашты.