Өлкөдө ВИЧ-инфекциясы жуккан учурлар көбөйүүдө (видео)

3457

Акыркы жылдары өлкөдө ВИЧ-инфекциясынын жыныстык жол менен жуккан учурлары көбөйүп бара жатат. Бул тууралуу Республикалык СПИД борборунан билдиришти. Адистердин айтымында, буга биринчи кезекте айрымдардын өз саламаттыгына кайдыгер кароосу себеп болууда. Оору жугузгандардын басымдуу бөлүгү 22 жаштан 35 жашка чейинки жаштар экени да белгиленди.

Расмий эсеп боюнча ВИЧ илдети менен жашагандардын саны 10 миңден ашат. Бирок реалдуу көрсөткүч мындан да көп болушу ыктымал, дешет адистер. Белгилей кетсек, Дүйнөдө иммун жетишсиздик синдромуна каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленүүдө.