Өлкөдө жапайы жаныбарларды атууга 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталууда

884

Парламентте аңчылыкка чектөө киргизүү боюнча документ кайрадан талкууланууда. Мыйзам-долбооруна ылайык Кыргызстанда жапайы жаныбарларды жана кайберендерди атууга 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталып жатат.

Демилгечилердин айтымында, документ колдоо тапса 5 жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салынат. Алар: аркар, кулжа, тоо теке, элик жана доңуз.

Буга чейин, Парламентте кызыл китепке кирген жапайы жаныбардын баарын атууга мораторий киргизүү сунушталып, бирок мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.