Өлкөдө жарым жылда кыз ала качуу боюнча 118 факт катталды

2162

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматы билдирди. Маалыматтар боюнча, 6 айдын ичинде ала качуу фактысы боюнча 118 кылмыш иши козголду. Анын 94 кызды никеге тургузуу үчүн уурдоо, 12 никеге турууга мажбурлоо үчүн болгон. Бул иштердин көбү сотко өткөнү белгилүү болду.

Милициянын маалыматына караганда, ала качуу айыл жергесинде көп катталат. Бириккен Улуттар Уюмунун гендер боюнча соңку баяндамасында Кыргызстанда үй-бүлөлөрдүн 20% ала качуу жолу аркылуу курулары айтылган.

Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык быйылтан тарта Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кыз ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.