Өлкөдө жол коопсуздугун камсыздоо боюнча мамкомиссия түзүлдү (видео)

867

Кыргызстанда жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Аны премьер-министр өзү жетектейт. Ал эми орун басарлыгына ички иштер министри, транспорт министри жана финансы министрлери дайындалды. Кийинки жумада бул комиссиянын алгачкы жыйыны өтөт деп күтүлүүдө. Анын курамына жарандык активисттер дагы чакырылып жатат. Бул тууралуу жол коопсуздугуна арналган Улуттук форумда айтылды. Жыйында автоунаалардын катышуусундагы авариялардын санын кыскартуу боюнча маселе козголуп, эксперттер ой-пикирлерин ортого салышты.