Өлкөдө жыл башынан бери өрт кырсыгынан 26 адамдын өмүрү кыйылган

623

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын маалыматына ылайык, кырсык 23-июлда катталып, маркум Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынан келген. Бул аймакта өткөн аптада эле Кереге-Таш айылынын жашоочусу сууга чөгүп каза тапкан болчу.

Адистер жарандарды сууга түшүүдө этият болууга чакырууда. Кырсыктардын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун аймагындагы кум жээктерге жана коомдук жайларга 188 маалымат-эскертүү баннерлер даярдалып орнотулганы кабарланды.

Ошондой эле адистер күндүн катуу ысыганына байланыштуу акыркы айларда өрт кырсыгы көп катталып жатканын айтып, өрттүн чыгып кетүүсүнүн алдын алуу зарылдыгын белгилеп жатышат.

Маалыматтарга караганда, өлкөдө жыл башынан бери өрт кырсыгынан 26 кишинин өмүрү кыйылган. Өлкө боюнча 1356 өрт катталып, тилсиз жоонун чыгымы 237 миллион сомду түзгөн. Өрткө каршы кызматтын маалыматы боюнча, күнүнө кыркка жакын өрт чыгат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.