Өлкөдөгү азык-түлүк запасы жана базардагы баалары күн сайын көзөмөлдөнүп турат

3447

Өлкөдөгү областтын жетекчилери аймактагы азык-түлүк запасын күн сайын текшерип турууга милдеттендирилди. Ошондой эле, бааларды көзөмөлдөп туруу тапшырмасы берилди.

Буга чейин коронавирустун өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген кесепеттерин азайтуу боюнча республикалык штаб түзүлгөн. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев анын алкагында райондордо жана областтарда дагы штабдарды уюштурууну тапшырды.

Ошондой эле, ал ири соода түйүндөрүнүн жана азык-түлүк базарларынын кожоюндарынан сатуунун көлөмү жөнүндө маалымат алып туруу зарылдыгын белгиледи.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.