Өлкөдөгү бардык мектептер беш күндүк окуу тартибине өттү

907

Быйыл жаңы окуу жылынан тарта өлкөдөгү бардык мектептер беш күндүк тартипте окуй башташат. Бул тууралуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Белгилей кетсек, «Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип, быйыл 10-январда парламент тарабынан кабыл алынган.

Документтин авторлорунун айтымында, мыйзамдын ишке кириши менен мектептерде билим берүүнүн сапаты жакшыруусу күтүлүүдө. Себеби алты күндүк тартип окуучуларга ашыкча жүк болуп, алар ар кандай ийримдерге катыша албай келишкен. Ошондой эле, мугалимдердин да сабакка даярданышына убакыт жетпей жаткан.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстандагы мектептердин 80 пайызы пилоттук негизде беш күндүк окутуу тартибинде иштеп жатат.