Өлкөдөгү мааракелердин санын кыскартуу боюнча мыйзам-долбоору даярдалды

780

Мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн той-топурлардын санын кыскартуу боюнча мыйзам-долбоору даярдалды. Демилгечи депутат Зиядин Жамалдиновдун айтымында, бир жыл ичинде өкмөттүн токтому менен 100дөн ашык маараке өткөрүлөт.

Алсак 2017-жылы 120, 2018-жылы 105 той бюджеттин эсебинен уюштурулган. Андан тышкары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын чечими менен аймактык деңгээлде өткөрүлгөн иш чаралар дагы толтура. Бир эле орточо тойду уюштурууга 1 миллион сомдон ашык акча кетет экен. Каражатты үнөмдөө максатында мамлекеттин эсебинен мааракелерди өткөрүүнү кыскартуу сунушталды.

Демилгечинин айтымында маанилүү даталарды гана белгилөө туура.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.