Өлкөдөгү жол мафиясына чабуул башталдыбы? (видео)

739

Прокуратура салмак-көзөмөл агенттигинин жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Ош аймактык башкармалыгынын жетекчилиги жана “Эркечтам” транспорт көзөмөл пунктунун башчысы ашыкча салмак менен бараткан 651 унаага уруксат кагазын берген, деп айыпталып жатат. Мындан бюджетке канча чыгым келтирилгени ачыктала элек. Мыйзам боюнча, ашыкча салмак менен жолго зыян келтиргени үчүн машинанын ар бир басып өткөн чакырымына 10 миң сомдон айып пул алынат. Бирок жең ичинен сүйлөшүүлөр менен көп иштер көмүскө бүтүрүлүп келээри белгилүү. Салмак-көзөмөл пункттарында коррупция гүлдөп жатканын жакында эле президент Коопсуздук кеңешинин отурумунда дагы айткан.