Өлкөгө 69 миллион сомдук зыян келтирилди (видео)

550

150 вагонду мыйзам бузуу менен сатып алууга жол берген «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы жана азыркы 5 кызматкери жоопкерчиликке тартылышы керек.

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаттары айтышууда. Анткени вагондорду кымбат сатып алууда өлкөгө 69 миллион сомдук зыян келтирилген. Учурда бул иш боюнча УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.