Өлкөгө кирген авто унаалар үчүн бажы төлөмдөрү арзандайбы? (видео)

1102

Евразия экономикалык биримдигинен тышкары жактан Кыргызстанга кирген авто унаалар үчүн бажы төлөмдөрү убактылуу арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу экономика министрлигинин өкүлдөрү жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине берген маегинде билдирди. Ага ылайык, өндүрүштөн чыкканына 13 жыл боло элек машинелерди алып келүүгө, жакынкы 1,5 жылга жеңилдик берилет экен. Эксперттердин пикиринде, муну менен өлкөнүн автопаркын жаңылап алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, абанын булганышын алдын алууга шарт пайда болот.