Өлкөгө коронавируска каршы вакцина 2 жумадан кийин келет (видео)

2942

Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина февралдын аягында келет. Азырынча кайсы өлкөдөн канча доза жөнөтүлө турганы тактала элек. Учурда бул маселе боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгилүү болду.

Ал эми Казакстанда «Спутник ВИ» россиялык вакцинасы менен массалык түрдө эмдөө башталды. Кыргызстанда коронавирустун болжолдуу үчүнчү толкунун алдын-алуу үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат?