Өлкөгө оң рулдуу унааларды алып кирүүгө кайра уруксат берилеби? (видео)

4345

Кыргызстанга чет жактан оң рулдуу унааларды алып кирүүгө кайра уруксат берүү керек! Жогорку Кеңеште дал ушундай маңыздагы мыйзам долбоору даярдалууда. Оң рулдуу машиналар боюнча 2015-жылы коюлган чектөөнү алып салууга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы каршы чыгууда.

Ал жактан билдиришкендей, адам өлүмүнө алып келген авариялардын 25 пайызы рулу оң тарапта болгон унаа ээлеринин айынан болгон. Мыйзам долбоорунун демилгечилери муну менен макул эмес. Алар жол кырсыгынын 60 пайызы  айдоочулардын жол эрежесин билбегендигинен улам келип чыгат деп эсептешет.