Өлкөгө россиялык вакцинанын 20 миң дозасы жеткирилди (видео)

1971

Кыргызстанга россиялык «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы жеткирилди. «Манас» эл аралык аэропортуна атайын учак менен келген жүктү тапшыруу аземине Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана биринчи вице-премьер Артём Новиков катышты.

Бүгүн алынып келген партиянын бир дозасы 10 доллардан айланганы белгиленди. Өлкө жалпысынан «Спутник Vинин» 1 миллион дозасын алуусу пландалууда. Анын тең жарымы гуманитардык жардам катары берилет.