Өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү долбоору иштелип чыкты

1009

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынында Кыргызстанды 2018-2040-жылдарга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын долбоору тааныштырылат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметова менен жолугушуусунда акыркы жылдардагы жакшы жетишкендиктер Кыргызстандын алдына экономиканы өнүктүрүү боюнча амбициялуу милдеттерди коюп жаткандыгын белгиледи. Мамлекет башчынын пикиринде, буларга санариптик технологияларды киргизүү жана өздөштүрүү аркылуу жетишүүгө болот.

Атамбаев ошондой эле 2040-жылга карата Кыргызстан жашоо үчүн аймактагы «эң коопсуз жана жайлуу» өлкө болушу керектигин айтты. Өлкөнү стратегиялык өнүктүрүүнүн башкы максаты адам экенин белгилеген президент Кыргызстан кайталангыс маданияты бар өлкө болууга тийиш экенин кошумчалады.

Октябрдын соңунда Атамбаев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыккан. Анда президенттик аппараттан мамлекет башчы өргүү учурунда 2040-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын долбоорунун акыркы вариантынын үстүндө иштей турганын кабарлаган.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган «Таза коом» улуттук долбоорун апрелдин башында жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган.