Өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы мартка чейин кабыл алынат

732

Өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясы март айына чейин кабыл алынат. Бүгүн долбоор негиз катары жактырылды. Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, эксперттердин тобунун эмгеги менен стратегия жазылып, олуттуу иштер аткарылды. Бирок чийки жерлери бар.

Документтин идеясы катары негизги баалуулук адам — Кыргызстандын жараны деп көрсөтүлгөн. Жакшы жыйынтыктарга жетүү үчүн туура багытты тандап алуу шарт, дейт Атамбаев. Мамлекет инфраструктураны өнүктүрүшү зарыл, жол салууга, энергетика тармагына кредиттерди алуу керек.

Кыргызстан ишкерлер үчүн бейишке айланып, бут тоскоолдуктар бара-бара жоюлуп, 5-10 жылда Каржы полициясы таптакыр болбошу зарыл, деди Атамбаев.