Өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын негизги багыттары (видео)

1319

Өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашырууга 20 миллиард доллар керектелет. Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Иманалиев 2 күн мурда жарлыктын негизинде кабыл алынган документте кандай долбоорлор, программалар жана иш-аракеттер камтылганы боюнча кенең маалымат берди.

Улуттук стратегия 4 этаптан туруп, улам жаңы 5 жылдыкта артыкчылыктуу маселелер иштелип чыгып турат. Алгачкы этапта адамдын жашоо шартын жакшыртуу боюнча аракеттер камтылган. Ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл-чарба, энергетика жана «эл аралык коридорлорго кошулуу» жаатында бир топ ири долбоорлор бар.