Өлкөнүн 11 аймагында жергиликтүү кеңештерге добуш берүү өттү

894

Кечээ күнү өлкөнүн 11 аймагында жергиликтүү кеңештерге добуш берүү өтүп, ага шайлоочулардын 55 пайызга жакыны катышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, активдүүлүк Ош областынын Араван районунун Юсупов айылы менен Кара-Балта шаарында байкалган. Бул аймактарда добуш бергендердин саны 60 пайыздан ашкан. Кийинки орунда Таш-Көмүр шаары турат.

Ал эми Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңешин тандоого шайлоочулар аз келип, 37 пайыздан гана ашкан. Белгилей кетсек, Кара-Балта менен Таш-Көмүр шаардык кеңештерин шайлоо ушуну менен үчүнчү жолу өттү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Кара-Балта калаасында 7 пайыздык босогодон КСДП, “Эл аман”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Элдик” партиялары өтүп, жеңишке жетти. Таш-Көмүр шаарында болсо КСДП, “Мекеним Кыргызстан”, “Таш-Көмүр жаштары”, “Ата-Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” партиялары уткан.

Кечээ күнү өлкө боюнча, эки шаардык жана тогуз айылдык кеңешке шайлоо болду. Аталган аймактарда 2016-жылы декабрда, андан кийин былтыр майда, сентябрда өткөн шайлоолордо жеңип чыккан депутаттар мэрди же айыл өкмөт башчысын тандай албай, кеңештер мөөнөтүнөн мурда таркатылган.

Кайра шайлоолорду өткөрүүгө бюджеттен 20 миллион сомдой каражат сарпталды. Өткөн жумада президент Сооронбай Жээнбеков аймактарда мындай саясий оюндар улантыла берсе, түз башкаруу киргизилээрин эскерткен.