Өлкөнүн базарларында эттин килограммы 100 сомго кымбаттады (видео)

5462

Акыркы 2 аптада эле өлкөнүн базарларында эттин килограммы 100 сомго кымбаттап кетти. Касапчылардын айтымында, буга бодо мал жана эттин кошуна өлкөлөргө аткезчилик жолу менен ташылып жатканы себеп болууда. Өткөн жумада болсо, бодо мал менен майда жандыктарды кошуна Өзбекстанга экспорттоого тыюу салуу боюнча маселе өкмөттө талкууланып, бирок бир чечим кабыл алынган эмес.

Ага чейин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги сатуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүп, анда мал жана эт Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга чыгарылып кетип жатканын кабарлаган болчу. Тиешелүү мамлекеттик мекемелер эттин баасын калыбына келтирүү үчүн аракет көрүп жатышабы?