Өлкөнүн бюджети 11 миллиард сомго бөксөрөт (видео)

581

Быйыл республикалык бюджет 10 миллиард сомдон ашык каражатка куру калат деп күтүлүүдө. Мындай маалымат Каржы министрлиги тарабынан ачыкталды. Чоң суммадагы акча түшпөй калуу коркунучу жаралгандыктан, айрым беренелер боюнча кыскартуулар башталышы турган иш.

Эксперттер мунун кесепети саламаттыкты сактоо тармагына тийип жатат деп тынчсызданууда. Анткени милдеттүү медициналык камсыздоо фондусун каржылоо 870 миллион сомго азаяры кабарланды.