Өлкөнүн мыкты студенттери президенттен сыйлык алышты (видео)

692

Дүйнөлүк өнүгүү агымынан кем калбаш үчүн заманбап билим берүүнү өнүктүрүү зарыл. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков эң мыкты студенттерге президенттик стипендияларды тапшырып жатып билдирди. Ага быйыл өлкөбүздөгү бардык окуу жайларынан келген 69 студент татыды.

Иш-чарада Сооронбай Жээнбеков мамлекетибиз дүйнө өлкөлөрүнүн алдыңкы катарында болуусу — билимдүү жана кесипкөй жаштардын аракетинен көз каранды. Анткени өлкө алдында мезгил талабы жана чакырыктары көптөгөн маселелерди коюп, аларды чечүү зарыл.