Өлкөнүн мыкты студенттери президенттик стипендияга ээ болду (видео)

1465

Кыргызстандын мыкты студенттери аныкталды. Президенттик стипендияга татыган улан-кыздардын саны быйыл 70ке жетти.

Алар өлкөдөгү 84 миң студенттин ичинен тандалып алынгандар. 2019-2020 – окуу жылынын жыйынтыгы менен ийгиликтерге жетишкен студенттерди сыйлоо аземи “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлдү.

Мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов жалаң бешке окуган студенттерге президенттик стипендия тапшырды.