Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон 164 адам сыйлык алды (видео)

642

Өлкөнүн өнүгүшүнө салымын кошкон 164 адам президент Сооронбай Жээнбековдун колунан мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Иш-чара Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Эскерте кетсек, өлкө башчы Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интелектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкону, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка өлкө Эгемендүүлүк күнүнө карата 29-августта кол койгон. Ага ылайык, медициналык кызматкерлер, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш жана башка тармактын өкүлдөрүнө, аскер кызматкерлери жогорку даражадагы сыйлыктарга ээ болду.