Өлкөнүн тоолуу аймактарында кымыз сезону кызый баштады (видео)

1054

Желе-желе бээ байлап, эс алуучуларга саамал, кымыз сунуштаган чабандар. Кыргызстандын тоолуу аймактарында учурда кымыз сезону кызый баштады. Бээнин сүтүн ичүүнү каалагандар май айынын ортолорунда эле тоо этектеп барышат.

Саанчылардын айтымында, кымыз, сүт ичип ден соолугун чындагандардын саны жыл өткөн сайын көбөйүүдө. Сезондо үй-бүлөсү менен иштеп, киреше тапкандар арбын.