Өлкөнүн жарымы таза сууга муктаж (видео)

1586

2026-жылы — Кыргызстандын айылдары таза суу менен толук камсыз болуп калат. Мындай убаданы Ичуучу суу менен камсыз кылууну өнүктүрүү департаментинин жетекчилиги берүүдө. Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2 миңге жакын айыл болсо, алардын дээрлик жарымында таза суу көйгөйү бар. Ал аймактарда суу көйгөйүн чечүү аракеттери быйыл башталды. Учурда 448 айыл маселеси чечиле тургандардын тизмесине киргизилген. Андан тышкары, сугат суу тармагын оңдоо боюнча алгылыктуу аракеттер болуп жатыптыр.