Өлүм алдында жаткан эне кызын көрүүгө зар (видео)

3147

Көкүрөк рагынан жабыркап, оор илдет менен алышып жаткан Алина Батурова 5 жаштагы кызы менен 2 жылдан бери көрүшө албай келет. Анын күйөөсү Казакстандын жараны Уалихан Батуров. Секелекти өзү жашаган Жамбыл областынын Кордай айылында алып калган бойдон, кайра апасына бербей койгон.

31 жаштагы келиндин жакындары бир канча жолу эки тарапты жолуктурганга аракет кылышканы менен кошуна өлкөнүн жараны андан баш тартууда. Айласы кеткен Алина Батурованын ата-энеси Тышкы иштер министрлигине жана коомчулукка кайрылып, өлүм алдындагы эненин акыркы каалоосун орундатууга көмөктөшүүнү суранууда.