Өлүм менен аяктаган үй-бүлөлүк чыр. Окуянын чоо-жайы (видео)

597

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун кесепетинен, жубайы жолдошун өлтүрүп алган. Окуя Чүй областынын Ысык-Ата районунда бир жума мурда катталган. Анда Чоң Чүй каналынан киши колдуу болгон эркек адамдын сөөгү, буту-мойнуна кыш илинген абалда табылган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары ошол күнү эле маркумдун 44 жаштагы жубайы кармалган. Ал кылмышка жолдошунун ичип келип, балдары менен кошо сабаганынан улам барганын айтууда.