Өлүм менен коштолгон “кыз ала качуу” (видео)

3553

Ала качууга дуушар болгон кыздын өлүмүнөн кийин прокуратура Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Тартип сакчылары «өз ишине шалаакы мамиле кылган» деп айыпталууда. Эске салсак, 2 күн мурда Жайыл райондук милиция бөлүмүндө кызды ала качып баратканда кармалган адам кызды бычактап салган. Прокуратуранын маалыматы боюнча милиция кызматкерлери эрежени бузуп, кыз менен аны ала качып бара жаткан адамды бир бөлмөгө кароосуз калтырып коюшкан жана шектүүнү текшерүүгө алышкан эмес. Буга кошумча Чүй областтык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери да ишин так аткарбаганы айтылууда.