Омикрон неврология ооруларын пайда кылат (видео)

3997

Коронавирус илдетинин омикрон штаммы жүрөк кан тамыр ооруларын да күчөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Нурлан Оморов билдирди. Дарыгердин айтымында, аталган штаммды жугузган адам инфаркт, инсульт оңдуу дартка гана чалдыкпастан, түрдүү неврологиялык оорулардан да жапа чегиши ыктымал.

Вирустун уулуу токсиндери баш мээге таасирин тийгизгендиктен, унутчаактык же болбосо менингит сымал симптомдору менен ооруканага кайрылгандар көбөйгөн. Ал арада дарыгер-эпидемиологдор коронавирустан коргонуу үчүн жарандарды бардык санитардык эрежелерди сактоого чакырышууда.