Омикрон жайыла баштады (видео)

1891

Кыргызстанда омикрон штаммы катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Төртүнөн 6-январга чейин Улуттук вирусология лабораториясында ар кайсы аймактарда оору жуктуруп алган 165 адамдын анализи текшерилген. Анын жыйынтыгында Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында жаткан эки бейтаптан омикрондун белгилери табылган. Алар — Бишкек жана Чүй областынын тургундары.

Азырынча омикрондон жабыркагандардын так саны айтыла элек. Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталды. Буга байланыштуу республикалык штаб чектөө чараларын киргизүү зарылдыгын белгилөөдө.