Өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн өзгөчө шарттар (видео)

777

Кыргызстандын жаза аткаруу тутумун гумандаштырууга дагы бир кадам жасалды. Чүй областынын Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү колониясында өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкерлер үчүн жаңы оңдолгон имарат колдонууга берилди. Ал жатаканада заманбап шарттар түзүлүп, курулуш иштерине эл аралык гуманитардык уюмдардын бири демөөрчүлүк кылган. Бул өзгөчө жайга которулуш үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркиндиктен ажыратылгандар жакшы жүрүм-туруму менен айрымаланышы керек. Аларды атайын комиссия тандап алат.