Өмүрбек Бабанов 30-августта кайрадан УКМКга чакыртылды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президенттикке экс-талапкер Өмүрбек Бабанов ден-соолугуна байланыштуу бүгүн Финполицияга суракка бара алган жок. “Республика” партиясынын лидери тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүү үчүн бейшемби күнү, 29-августта келе турганы айтылды.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы да бул маалыматты тастыктады. Биринчи жолу Өмүрбек Бабанов Финполицияга 19-августта сурак берүүгө келип, Кыргызстан банкы боюнча сөз козголгонун журналисттерге билдирген.
“Республика” партиясынын лидери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына андан кийинки жолу барганда Кыргызстан банкынан башка да иштер боюнча суроолор болгонун ачыкка чыгарган эле.
Өмүрбек Бабанов 30-августта кайрадан УКМКга чакыртылды. Экс-депутат 3 кылмыш иши боюнча күбө катары өтүп жатканы маалым.
Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.