Өмүрбек Бабанов баштаган реформалар (видео)

1101

Өкмөт унааларды милдеттүү техникалык кароодон өткөрүүнү кайрадан киргизүүнү демилгелеп жатат. Мамлекеттик каттоо кызматы менен Экономика министрлиги жумушчу топ түзүп, бул жаатта иш алып барууда. Бирок айдоочулар буга каршы. 7 жыл мурда Кыргызстанда жеңил унааларды милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү токтотулган.

Бул боюнча экономикалык анализ жүргүзүлгөндө жөнөкөй жарандардын 140 миллион сому үнөмдөлгөнү аныкталган. Ошондой эле, коррупциялык схема буулган. Унааларды милдеттүү техникалык кароодон өткөрүүнү кайра кайтаруу ашыкча жумуш жана айрым адамдардын капчыгын толтурууга алып келет, дешет адистер.