Өмүрбек Бабанов: «Бизге дымагы күчтүү максаттар керек» (видео)

937

Урматтуу кыргызстандыктар! Кымбаттуу мекендештер!

Баарыңыздарды улуу майрамыбыз — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм!

Дүйнө жүзүндө 5 миңден ашуун эл болсо, алардын 200ү гана өз мамлекетинде жашоо бактысына ээ. Өз гимни, өз туусу, дүйнөлүк картада өзүнүн мыйзамдуу аймагы бар.

Биздин эң чоң жетишкендигибиз жана ата-бабалардан алып калган ыйык мурасыбыз, бул – Кыргызстан.

Бүгүн биздин өлкө үчүн бир гана жол бар – бул “Алдыга жол”! Пессимисттердин адатка айланган көз караштарына жана тоскоолдуктарына тике карап, бүгүнкү күндүн чакырыгын жасайбыз.

Бизге дымагы күчтүү максаттар керек.

Биз Улуу Эл экендигибизди, дүйнө жүзүнө тааныта турган учур келди!

Ошондуктан, бүгүн мен ишенимдүү айта алам!

Биз Алдыга жолду баштайбыз!

Бул Улуу Кыргызстандын жаңы жолу!

Бизде бир гана жол бар, бул – Алдыга жол!

Бизде бир гана багыт бар, ал – Ийгилик!