Өмүрбек Бабанов Финполицияга күбө катары 5 саттай сурак берип чыкты

939

Өмүрбек Бабанов ага байланыштуу тергөө иштери мыйзамдуу болоруна ишенет. Бул тууралуу мурдагы эл өкүлү Финполицияда сурак берип чыккандан кийин журналисттерге билдирди. Анда Өмүрбек Бабанов «Кыргызстан коммерциялык банкы» ачык акционердик коомунун акцияларына байланыштуу суроолорго жооп бергенин ачыкка чыгарды.

Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында күбө катары 5 сааттай сурак берип чыкты. Бирок дагы эмне тууралуу сөз болгонун тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачык айта албай турган тил катка кол коюп чыккандыктан толук маалымат берилбей турганын эскертти. Муну менен катар эле, Өмүрбек Бабанов мамлекеттин мүлкүн менчиктештирип албаганын, бардык бизнесин базар баасында сатып алганын баса белгиледи.

Быйыл 11-апрелде Финполиция президенттике мурдагы талапкер Өмүрбек Бабановдун жээни, «Кыргызстан коммерциялык банкы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Жаныбек Мырзабаевди да күбө катары суракка чакырылып, ал 2 кылмыш иши тергелип жатканын билдирген болчу.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.