Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келди

1417

Ал отурган учак «Манас» эл аралык аэропортуна конуп, президенттикке мурдагы талапкерди жоон топ эл тосуп алды. Өмүрбек Бабанов аба майданынан чыгып, аны чыдамсыздык менен күтүп жаткандар менен учурашты. Ал чогулгандардын алдында кыскача сөз сүйлөп, баарына ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга тынчтык керек экенин айтты.

Мекенине кайтып келген Өмүрбек Бабанов «Манас» эл аралык аэропортунан үйүн көздөй бет алды. Бирок аны тосуп келгендердин көбү кое бергиси келбей, жол бою коштоп Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү «Дайыр Асанов» атындагы сейил багына чейин ээрчип келишти. Ал жактан Өмүрбек Бабанов тарапташтары менен дагы бир жолу жолугушуп, алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.