Өмүрбек Бабанов менен жолугушуу болот (видео)

829

«Республика» саясий партиясы Өмүрбек Бабанов менен элдин жолугушуусун эски аянтта өткөрүүгө тыюу салган чечимди жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Биринчи май райондук сотунун судьясы Зарема Бейшеева жергиликтүү администрациянын өтүнүчүн канааттандырып, эртеңкиге белгиленген салтанаттуу иш-чараны өкмөт үйүнүн алдында өткөрүүгө макул болбой койду.

Фемида өкүлүнүн пикиринде, Өмүрбек Бабановдун жолугушуусу эски аянтта эмес, Максим Горький атындагы эс алуу багында өткөнү оң. Ал эми өкмөт үйүнүн алдында адамдын кан басымын ченеген акция өтөт экен. Муну Саламаттыкты сактоо министрлиги эчактан бери эле пландап жүргөнү айтылды. Бирок буга ишенүү кыйын. Анткени «Республика» партиясы Бабанов менен жолугушууга 10 миндей киши келет деп мэрияга маалымдама бергенде, бул акция тууралуу сөз да болгон эмес.