Өмүрбек Бабанов өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамын эл арасында өткөрдү

1721

Кечээги Эгемендүүлүк майрамын «Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынын башчысы Өмүрбек Бабанов эл арасында өткөрдү. Кечинде баш калаанын борбордук көчөлөрүнүн биринде ал шаардыктарды өлкөбүздүн башкы майрамы менен куттуктап, аларга каалоо тилектерин айтып, катардагы жарандар менен формалдуу эмес шартта баарлашты.

Депутат Бабановду курчап алган бишкектиктер аны бир саатка жакын кое беришпей, бул жолугушуу жылуу жана шайыр маанайда өттү. Парламенттик фракциянын жетекчиси менен сүрөткө түшүүнү каалагандар абдан көп болуп, ондогон адам өз кезегин күтүп, бул жолугушууну чөнтөк телефондоруна тартып жатышты.