Өмүрбек Бабанов: Провокацияга алдырбагыла! (видео)

814

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоого байланыштуу билдирүү жасады. Президенттикке талапкер аны колдоп добуш берген шайлоочуларына ыраазычылыгын айтты. Ошондой эле, саясатчы мындан ары дагы өкмөткө өз программасын сунуштап, аны ишке ашырууга болгон аракетин жумшаарын билдирди. Өмүрбек Бабановдун айтымында, жаңы шайланган президенттин мойнунда чоң жоопкерчилик турат, ал башка талапкерге иштегендерди, үгүттөгөндөрдү куугунтуктабашы керек.