Өмүрбек Бабанов: «Райымбек Матраимов чектен чыкты» (видео)

941

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов чектен чыгып кетти. Анын кол алдында иштегендер 3-сентябрь күнү Кара-Суу шаардык кеңешке шайлоо болуп жатканда, добуш берүү тилкелеринде көзөмөл жүргүзүп турушкан. Бул тууралуу бүгүн «Республика-Ата Журт» фракциясынын отурумунда айтылды. Депутаттар өткөн жекшемби күнү Кара-Суу шаарында добуш берүү учурунда болгон мыйзам бузуулар тууралуу маселени карашты. Жыйынга Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү катышты. Депутаттардын айтымында, мамлекеттик кызматкерлер кайсы бир талапкердин пайдасы үчүн шайлоого аралашып, мыйзамды одоно бузуп жатышат. Алсак, Кара-Суудагы добуш берүүгө бажы кызматынын төрагасынын орун басары Раимбек Матраимовдун кийилигишкени байкалган.