Өмүрбек Бабанов жубайы жана уулу менен жолуга албай жатат (видео)

1189

Бул — камактагы адамды кыйноого барабар! Мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго жубайы жана уулу менен жолугууга уруксат бербей жаткан тергөөчүнүн чечимине дал ушундай баа берилүүдө. Мыйзамга ылайык, убактылуу камактагы адамга жакын туугандары менен жолугушга судья же тергөөчү гана уруксат берет.

Бирок УКМКнын тергөөчүсү Өмүрбек Бабановго кара мүртөз мамиле кылып, жубайы менен уулу тергөөгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн деген шылтоо менен алар менен жолугушууга тыюу салууда. Ушундан улам мурдагы депутаттын адвокаты Анатолий Хегай бул токтомду мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептеп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылды.