Өмүрбек Бабановду колдогон жөнөкөй жарандар (видео)

1802

Өмүрбек Бабановду УКМКнын тергөө абагынан тез арада бошотуу керек! Мурдагы премьер-министрдин айланасында болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабаган коомдук ишмерлер, саясатчылар жана ишкерлер атайын билдирүү жасашты. Маалымат жыйындын катышуучулары өздөрүнүн бир катар талаптарын айтышты.

Алар мурдагы өкмөт башчыга негизсиз айыптоолор коюлуп жатканын баса белгилешүүдө. Талас областынын мурдагы губернатору Байымбет Мураталиевдин айтымында, эл Өмүрбек Бабановду реформатор жетекчи катары баалайт. Андыктан аны мамлекетке иштетип, натыйжалуу жетекчи катары тажрыйбасын колдонуу керек.